Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Орусиянын президенти Владимир Путин быйыл күзүндө Кыргызстанга расмий иш сапары менен келерин билдирди. Бул тууралуу ал RT телеканалына берген маегинде айтты.
"Путиндин Кыргызстанга күзүндө боло турган расмий сапарын баары чоң шыктануу менен күтүп жатышат. Бул сапар 2003-жылы Канттагы авиабазанын ачылганынын 20 жылдыгына байланыштуу", - деген Аскар Акаев.
Владимир Путин Кыргызстанга октябрь айынын ортолорунда келиши мүмкүн.