Бишкек ЖЭБи күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө

Бишкек Жылуулук электр борборунда от казан агрегаттары оңдолуп жатат. Бул тууралуу, бүгүн 22-августта Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында Бишкек ЖЭБи от казан агрегаттарын учурдагы жана орто оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
"Бүгүнкү күнгө карата №9 жана №14 от казан агрегаттарын утурумдук оңдоо, ошондой эле №23 от казан агрегаттарын орточо оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Бардык оңдоолор белгиленген графиктер боюнча өз убагында ишке ашууда", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан