Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы шаардын көркүн бузуп, таштандыларды туш келди ыргыткандарга 179 миң сом өлчөмүндө айып салды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-август күнү шаарда пландуу рейд жүргүзүлгөн. Рейддик иш-чаранын жыйынтыгында шаардын көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандарга каршы 13 протокол түзүлүп, жалпы 179 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынганы айтылды.
Айып пул салынгандар:
- "Аманат Строй" ЖЧКсына 23 000 сом.
- "Бакча куту" ТЭШ 13000 сом.
- "Дзен Соул Лук" АК 13 000 сом.
- "Борсан Констракшн" ЖЧКсы 23 000 сом.
- "Кей Си Ай Групп" ЖЧКсы 23 000 сом.
- "Таш-Темир" ААКсы 23 000 сом.
Мындан тышкары бир катар жеке ишкерлерге 13 миң сомдон, калаа тургандарына 7500 сомдон айып пулдар салынган.