Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына ишке кирүү үчүн сынак уланууда

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында милициянын кайгуул кызматына ишке кирүү үчүн сынак уланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

Анда квалификациялык талаптар жеңилдетилгени кабарланат.

Алар:

- Талапкердин жаш курагы 19дан жогору, 30дан ашпашы керек;

- Жалпы орто билими болсо жетиштүү;

- Айдоочулук күбөлүгүнүн В жана С категориясынын болуусу зарыл.

"Сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуу Бишкек шаарындагы Ч.Валиханов көчөсүнүн 1А дарегиндеги ЖКККББнын кадрлар бөлүмүндө жүргүзүлөт.

Жумушчу топтун телефондору - (0312) 631 275, нөөмөт бөлүмү - (0312) 630 900, (0312) 630 901", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан