Талас облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Маалымдалгандай, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас районунун Калбинск айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Талас райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары биргеликте турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берген. Алардын жалпы аянты 14 гектар болсо, баасы 55 миллион сомду түзөт.
Азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жогорудагы мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.