"СССРге карай". Түркмөнстанда бардык мамлекеттик кызматкерлер пахта терүүгө чыгышты

Түркмөнстанда бардык мамлекеттик кызматкерлер пахта терүүгө чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, Левап облусунда 20-августта мамлекеттик мекеме-ишканалардын бардык кызматкерлери, анын ичинде темир жол вокзалы менен аэропорттун кызматкерлери дагы пахта терүүгө жөнөтүлгөн. Ошондой эле жергиликтүү бийлик бюджеттик кызматкерлерди түшүм жыйноого мажбурлап жатканы, алардын арасында дарыгерлер, мугалимдер, музейлердин, китепканалардын жана вокзалдардын кызматкерлери да бар экени аныкталган. Айрым аймактарда жоокерлер дагы айыл чарба жумуштарына тартылган.

"Биз жуманын бир гана дем алыш күнүн 40 градус ысыкта талаада өткөрдүк", - деп түркмөнстандык энергетик билдиргенин Fergana басылмасы жазып чыкты. Ошондой эле хякимликтин кызматкерлери талааларды кыдырып, кимдердин келип же келбегенин текшергени маалымдалды.

Дагы бир түркмөн жумушчусу бийлик плантацияларга комбайндарды алып келбей, элди кол менен пахта терүүгө мажбурлап жатканын белгилеген.

Айрым басылмалар чечимге каршы чыккандарды "кызматтан кетиребиз" деп коркутуп жатканын жазышууда. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерге күнүнө 40-50 манат төлөп (1200 сом), жалданма жумушчуларды иштетүүгө уруксат берилгени да айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан