Өзгөн шаарынын аймагында учкучсуз учуучу каражатын колдонуу менен тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө П.Н.К. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагынан Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу Бишкек шаарына транзит менен ири өлчөмдөгү “гашиш” баңги каражатын ташуунун туруктуу каналына бөгөт коюлду.
"Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 4-август күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Өзгөн шаарынын аймагында П.Н.К. аттуу жаран кармалган.
Кармалган жаранга таандык спорттук баштыкты кароо учурунда өзгөчө жыты бар түссүз скотч менен оролгон 13 целлофан баштык табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, баштыктын ичиндегилер “гашиш” баңги каражаты болуп чыккан. Кармалган баңгизаттардын салмагы 11 килограмм болгон, 391 грамм гашиш жана 326 грамм апийим аныкталган.
Андан соң кармалган жаран райондун Кароол айыл округунун аймагына экинчи спорттук сумкасын 9 целлофан пакети менен таштаган жерин көрсөтүп берген", - деп жазылат маалыматта.
Текшерүү учурунда түссүз скотч менен оролгон 9 целлофан баштык алынып, соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, ичиндеги 8 килограмм 833 граммды түзгөн “гашиш” баңгизаты болуп чыкканы айтылат.
"Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында алынган “гашиш” баңги каражаттарынын жалпы салмагы 20 килограмм 224 граммды түздү, ал эми “апийим” 326 грамм болгон", - деп жазылат анда.
Учурда кармалган жаран Өзгөн районунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында экени маалымдалат.