Италиялык ырчы жана композитор Тото Кутуньо 80 жашында каза болгонун анын менеджери Данило Манкусо ANSA агенттигине билдирди.
Манкусонун айтымында, Кутуньо (анын толук аты-жөнү Сальваторе Кутуньо) акыркы айларда начарлап кеткен узакка созулган оорудан кийин Миландагы Сан Рафаэле ооруканасында каза болгон.
Белгилей кетсек, ал өзгөчө "L'Italiano" хити менен дүйнөгө таанымал.