Түркияда чыккан өрттөн улам 9 айылдын жана университеттин аймагындагы тургундар эвакуацияланды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
Маалым болгондой, өрт Чанаккаленин Каядере айылына жакын жердеги токой аянтында чыккан. Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Юмаклынын айтымында, өрт калктуу конуштун жанындагы жерден чыгып, 1500 гектар аймак күйгөн.
Анын кесепетинен 7 үй күйүп, түтүндөн жабыркаган 48 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Ички иштер министри Али Йерликая Чанаккаледеги токой өрттөрү менен күрөшүүнүн алкагында аймакка 8 учак, 26 тик учак, 240 суу цистернасы, 71 суу танкери жана 173 курулуш техникасы жөнөтүлүп, коопсуздук чаралары үчүн 9 айылдан 1251 жаран эвакуацияланганын билдирген.
Учурда өрттү өчүрүү аракеттери уланып жатат.