Бүгүн, 23-августта КМШдан чыккан алгачкы президент айым, Кыргызстандын тарыхындагы мамлекет башчы болгон жалгыз айым Роза Отунбаева 73 жашка чыкты. SUPER.KG порталы саясатчынын туулган күнүн утурлай, ал тууралуу кызыктуу фактыларды бир макалага топтоону туура көрдү.
ӨМҮР БАЯНЫ ЖАНА ЭМГЕК ЖОЛУ
Отунбаева Роза Исаковна 1950-жылы 23-августта Бишкек шаарында туулган (ал учурда Фрунзе) (айрым булактар туулган жери катары Ош шаарын көрсөтөт). Бирок анын кичи мекени Талас облусу болуп саналат. Атасы Исак Отунбаев юрист, көп жылдар бою Жогорку Соттун мүчөсү болгон. Энеси Салийка Даниярова мектепте мугалим болуп эмгектенген. Отунбаева үй-бүлөдө 8 бир туугандын экинчиси. Ал жаңы төрөлгөндө атасы ага Ырыскан деген ысым ыйгарган. Бирок атасынын достору "Роза Люксембургдай (немис саясий ишмери) эл-жери үчүн кызмат кылган инсан болсун" деп Роза деген ысым берүүгө ынандырышкан. Ошентип досторунун кеңеши менен атасы ымыркайынын күбөлүгүнө Роза деп жаздырткан.
Роза Отунбаеванын бала чагы Нарын шаарында өтүп, Чкалов атындагы орус мектептен билим алган. 10 жылдан кийин атасынын кызматына байланыштуу Ош шаарына көчүп барышып, Киров орто мектебинде окуган. Мектепти дал ушул жактан алтын медаль менен аяктаган.
Андан соң 1972-жылы Москва мамлекеттик университетинин философиялык факультетин, ушул эле окуу жайда аспирантурасын да бүтүргөн. Ал эми 1975-жылы Москвада философия илимдеринин кандидаты аталган.
Анын алгачкы эмгек жолу 1975-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик университетинен (азыр Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) башталган. Мында 1981-жылга чейин эмгектенип, ушул эле жылы КПССтеги партиялык ишке өткөн. Анда партиянын Кыргызстан Ленин райкомунун экинчи секретары, 1983-жылдан тартып Фрунзе шааркомунун секретары болгон.
СЫЙЛЫКТАРЫ:
- Франциянын Ардактуу Легионунун Ордени, (Демократияны жана адам укуктарын коргоо маселелерине сиңирген зор эмгеги үчүн). (Франция, 2012-жыл)
- Полярдык жылдыз Ордени (Монголия, 2012)
- Италиянын Минерва сыйлыгы (Италия 2015) - (Кыргызстандагы жогорку институционалдык ролу жана эл аралык планда тынчтыктын жана демократиянын пайдасына туруктуу иши үчүн).
- Newsweek Daily Beast версиясы боюнча дүйнөнүн 150 таасирдүү айымы (2012).
- Аялдардын Глобалдык Саммитинин Гранд сыйлыгы (2012).
- Apolitical версиясы боюнча дүйнөнүн 100 таасирдүү адамы (2018).
- Каармандыгы үчүн эл аралык айымдар сыйлыгы, АКШнын Мамдепартаменти, (2011)
- “Search for Common Ground 2018” сыйлыгы. ("Жалпы кызыкчылыктарды издөө" деген тынчтыкты жаратуу боюнча дүйнөдөгү эң ири уюм тарабынан 2018-жылдын 1-ноябрында тапшырылган, Нью Йорк, АКШ).
- Кувейт сыйлыгы 2019. (Жарандык коомдун, мамлекеттик жана жеке секторлордун жашоосун жакшыртууга кошкон салымы үчүн" коомду өнүктүрүүгө салым кошкон жана стратегиялык көз карашы бар, иште инновациялык жана чыгармачыл ыкмаларды колдонгон айымдарга ыйгарылат).
- Кыргызстандагы, КЭРдеги жана Казакстандагы ондогон университеттердин профессору.
УЧУРДА
Роза Отунбаеваны 2022-жылы БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Ооганстан боюнча жаңы атайын өкүлү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) башчысы кылып дайындаган. Ал бул кызматка лидерлик, дипломатия, жарандык активдүүлүгү, эл аралык кызматташууда 35 жылдан ашуун кесиптик тажрыйбасын эске алуу менен дайындалганы айтылган.
Роза Отунбаеванын Карачач деген кызы жана Атай деген уулу бар. Уулу жарандык активист катары белгилүү. Учурда жеке бизнес менен алектенет. Ал эми кызынын Лондондо жашаганы тууралуу маалыматтары айтылып келет.
Отунбаева кыргыз тилинен сырткары, орус, англис, француз жана немец тилдерин билет. Йога менен машыгат.