Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогуна арналган мелдеш Ош облусунун Төлөйкөн ат майданында өтөт. Бул тууралуу көк бөрү федерациясы маалымдады.
Оюндар 25-августтан баштап 31-августка чейин өтөт. Командалардын чүчү кулак жыйынтыгы Төлөйкөн ат майданында саат 19:00дө кармалат, командалар арыздарын тапшыруусу зарыл!
Оюндардын өтүү форматы:
- Жогорку лига; Биринчи лига; Экинчи лига; 40 жаш.
Жогорку лига трансфер жабык, ал эми биринчи лига экинчи лига жана 50 жаш аргымактарга гана алмаштырууга трансфер ачык!