Өлкөдө акыркы суткада 26 өрт кырсыгы катталды

Өлкөдө акыркы суткада 26 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Бишкек шаарында – 2, Ош облусунда – 4, Ош шаары – 1, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 4, Чүй облусунда – 7, Баткен облусунда – 1, Талас облусунда – 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 28 бөлүм тартылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Алсак Сузак районунун Кыр-Жол айылынын Согонду тилкесинде ачык аянтта 8 га куураган чөп күйгөн. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылган.

Ал эми Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында бастырманын 40 чарчы метр чатыры жана 1 тонна чөп күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан