Бостеринин "смотрящийи" болгон Мокинтош кармалды

Бостери айылынан криминалдык чөйрөлөрдө Мокинтош каймана аты менен белгилүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон, Бостери айылынын "смотрящийи" аталган Майрамбек Мусадаров кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болгон Мусадаров Майрамбек Мусадарович 2020-жылы Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун жанынан жер тилкесин берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, Кыргыз жаранынан 5000 доллар өлчөмүндөгү накталай акча каражатын жана Ауди С4 үлгүсүндөгү унаасын тартып алган.

Бирок акырында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин Камчы Көлбаевге өткөрүп берген", - деп билдиришти УКМКдан.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары көрүлгөндөн кийин М.Мусадаров жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2023-08-23 12:57:00
Ушуларды атып эле салбайбы
+1
shejol
2023-08-23 14:42:00
ушуга окшогон маалматтарды чыгарьай эле койсонор ..каарыганда смот..й болуп балекетти алабы,жатпайбы небереледи эркелетип.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан