Базар-Коргондо баңгизат колдонууга шектелип 20 жана 24 жаштагы жигиттер кармалды

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун аймагында баңгизатын мыйзамсыз сактап жана колдонуп жүргөн 20–24 жаштагы эки жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалымдалгандай, райондук милициянын Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери тарабынан район аймагында 2 жаран баңгизатын сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектелип Ноокен районунун тургундары 1999-жылы туулган Т.Т. жана 2003-жылы туулган Т.Р. кармалган.

"Шектүүлөрдү кармоодо жана үйүн тинтүү учурунда өзгөчө кескин жыты бар баңгизаттары табылып алынган", - деп айтылат билдирүүдө.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында шектүүлөрдүн жанынан жана үйүнөн чыккан баӊгизатынын жалпы салмагы 204,525 грамм (18,925 гр марихуана, 185,6 грамм солома каннабиса) экендиги аныкталган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан