Күрөш: Дүйнө чемпиондугуна бара турган балбандардын алдын ала тизмеси белгилүү болду

Сербиянын Белград шаарында өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандын атынан күрөштүн грек-рим түрү боюнча катыша турган балбандардын алдын-ала тизмеси белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Дүйнө чемпиондугу 16-сентябрдан 25-сентябрга чейин Белградда өтөт. Анда "Париж-2024" Олимпиадасына алгачкы лицензиялар ойнотулат.

Ошондой эле быйыл Азия оюндары дагы өтөт. Дүйнө чемпиондугуна барбаган айрым балбандар Азия оюндарына катышат.

Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугуна катыша турган кыргыз балбандарынын алдын-ала тизмеси:

  • 60 килограмм: Жоламан Шаршенбеков;
  • 63 килограмм: Дастан Кадыров;
  • 67 килограмм: Амантур Исмаилов;
  • 77 килограмм: Акжол Махмудов;
  • 82 килограмм: Бексултан Назарбаев;
  • 87 килограмм: Азат Салидинов;
  • 97 килограмм: Бексултан Махмудов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан