УКМК: "Суусамыр-Талас-Тараз жолун курууда мамлекетке 10 миллион сом зыян келтирилген"

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта SUPER.KG порталына атайын кызматтан билдиришти.

Белгиленгендей, текшерүү иштери учурунда Суусамыр-Талас-Тараз автожолунун айрым тилкелерин курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү учурунда мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Азыркы учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ошол эле учурда келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана бул ишке тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан