Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында 92 жаштагы Сара Козубаевадан кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалымдалгандай, Козубаева Сара апа Баткен районунун Бужум айылында жашайт. Баатыр эненин жети баласы, 100дөн ашуун небере, чөбөрө, кыбырасы бар.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Сара апанын ден соолугун сурап, белектерин тапшырып, материалдык жардам көрсөттү.
Сара апа жетекчилердин ишине ийгилик, каалап, батасын берди.