Кыргызстандан 23 миллион долларды чыгарып кеткендердин бири Мадагаскардан кармалды

Кыргызстандан ири суммадагы акчаны чыгарып кеткенге шектүү жаран Мадагаскар аралынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу эл аралык издөөдө жүргөн бир катар жарандарды кармады. Алардын арасында өлкөдөн ири суммадагы акчаны чыгарып кеткенге шектүү жаран дагы бар.
"Мадагаскар аралында 1983-жылы туулган С.А. аттуу жарандын өздүгү такталып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал республикада жайгашкан банктарынын биринин кызматкерлери аркылуу 4 адамдан турган кылмыштуу топ түзүшүп, өлкөдөн мыйзамсыз түрдө акча каражатын алып чыгып кетишкен. Мамлекеттин мыйзамдуу корголгон кызыкчылыктарына 23 миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирген", - деп билдиришти ИИМден.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан кармалган жарандарды экстрадициялоо маселелери боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан