Бишкектеги аялдамалар иретке келтирилүүдө

Бишкек шаарынын аймагындагы аялдама комплекстери сырдала баштады. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасынын жумушчулары сырдоо иштерин асфальт-бетон заводунун жанындагы Элебесов көчөсүндөгү аялдамадан баштап, Жибек-Жолу проспектисиндеги аялдамаларды иретке келтирүүдө.

"Аялдаманын сырты ачык кызгылт сары түскө, ал эми ортосу боз түскө, таштанды челектери да ачык саргыч түскө боёлууда. Ошондой эле мыйзамсыз чапталган жарнамалык мүнөздөгү кагаздар атайын тазалагыч менен тазаланууда.

Бишкек мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан шаардын мүлкүнө аяр мамиле жасоону жана жарнамалык мүнөздөгү кагаздарды чаптабоону суранат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан