Ош облусунун Алай районунда жер көчкү жүрүп, ал унаа жолду жаап калды. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.
Маалымдалгандай, жалпы көлөмү болжол менен 3 миң чарчы метр кубдан ашкан жер көчкү бүгүн, 23-августта саат 09:00дөр чамасында жүрдү.
Ага ылайык, унаа жолду тазалоого №960 ЖТИден 2 жүктөгүч техника тартылган. Ошондой эле саат 17:00дө унаа жол бир тараптуу ачылган, учурда кеңейтүү иштери жүрүп жатат.