Бишкекте алдамчылыкка шектелип Пакистандын жараны кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип Пакистандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-августта Пакистандын жараны милицияга арыз менен кайрылып, анда мекендеши эмгек визасын ачып берем деп аны Кыргызстанга чакырган. Бул үчүн арыз ээсинен 4 миң доллар алып, изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталган.

Шектүү катары 1990-жылы туулган А.М. аттуу Пакистандын жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери улантылып жаткандыгы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан