Кечээ, 23-августта Ысык-Көлдө өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө кубогунун экинчи күнү жыйынтыкталды. Анда кыргыз спортчулары жалпы 2 күмүш, 4 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештин экинчи күнүндө күжүрмөн самбо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында таймаштар орун алган. Анда Саяк Бараканов менен Бектен Эркебай уулу 88 килограмм салмакта күмүш медаль уткан. Ал эми Бекболсун Керимбеков 98 килограмм салмакта, Курманбек Замирбек уулу 71 килограмм салмак категориясында коло медалга ээ болгон.
Мындан тышкары кыз-келиндер арасындагы мелдеште Акак Үсөн кызы 55 килограмм, Динара Камчыбекова 72 килограмм салмакта беттештерге чыгып, коло байгени камсыздашкан.
Белгилей кетсек, самбо боюнча Дүйнө кубогу "Газпром-балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Болгария, Азербайжан, Армения, Кытай, Израиль, ФИАС 1 (Орусия) жана ФИАС 2 (Беларусь) өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышууда. Мелдештин алгачкы күнүндө кыргыз балбандары 1 алтын, 1 күмүш, 5 коло медаль жеңип алышкан.