Жалал-Абадда №53 түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басары кармалды (видео)

Юстиция министрлигине караштуу №53 Жазаларды аткаруу мекемесинин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары И.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 24-августта УКМКдан билдиришти.

Маалымдалгандай, ал 17-августта атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, арыз ээсине 25 миң сом акча каражатын кайтарып берүү учурунда колго түшүрүлгөн.

Ал жазаларды аткаруу мекемесине кызматка орноштуруу үчүн З.Д. аттуу жарандан 40 миң сом сураган жана алдын ала төлөм түрүндө 25 миң сом алганы белгилүү болду. Бирок, убакыт өткөндөн кийин И.А. иш менен камсыз кылуу, ошондой эле мурда алынган каражатты кайтарып берүү маселесин талкуулоо аракетин ар кандай жолдор менен жокко чыгарып, арыз ээси менен байланышты токтоткон.

Учурда кармалган кызматкер УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

№53 түзөтүү мекемесинин жетекчисинин орун басарын кармады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан