Аксыда күйүүчү май ташып бара жаткан унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 23-август күнү болгон. Анда Аксы районунан өткөн Кербен - Таш-Көмүр унаа жолунун 8-9-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа оодарылып, өрттөнүп кеткен. Буга байланыштуу жол 3 сааттан ашык убакыт жабык турган.
Кырсык болгон жерге ӨКМден 2 күжүрмөн курам тартылып, унаадан чыккан өрт 16:38де чектөөгө алынып, 18:07де толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен унаада ташылып бара жаткан солярка толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле өрт талаага жайылып, 15 гектар аянтта куураган чөп өрттөнгөн.