Быйыл Таласта жыл аягына чейин 8 мектеп курулуп бүтөт

Быйыл Таласта окуучулар үчүн курулуп жаткан мектептердин сегизи жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Анын айтымында, Таласта жаңы окуу жылына карата 2 мектеп колдонууга берилет.

"Келечек үмүтү болгон балдарыбыз үчүн Таласта курулуп жаткан мектептердин экөөсү сентябрь айында даяр болот. Мындан сырткары, 2023-жылдын аягына чейин курулуш-план боюнча дагы 6 мектеп толук бүтөт", - деп жазган ал өзүнүн Фейсбук баракчасына.

Ошондой эле ал өлкө боюнча жаңы, заманбап жана ыңгайлуу 100 мектеп жыл аягына чейин курулуп, толук бүтө тургандыгын жазды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан