Интернетте жол кайгуул кызматына баш ийбей, жол тандабасы менен кайгуулчулардын бирин сүйрөтө качкан жарандын видеосу тарады. Анда эки кызматкер унааны токтотууга аракет кылып жаткан учурда, айдоочу кызматкерди сүйрөтүп, экинчисин сүздүрүп, качып кеткен.
Аталган видео боюнча милицияга байланышканыбызда окуя кечээ, 23-август күнү Ош облусунун Өзгөн районунда болгонун билдиришти.
Анда Лексус үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол кайгуул кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей, каршылык көрсөтүү менен качып кеткен. Милициянын ыкчам иш-аракетинин натыйжасында айдоочу кечинде кармалып, "ээнбаштык" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин негизинде Ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми унаасы айып короого киргизилип, 15 миң сом айып пул салынган.
Окуянын башка жагдайлары тууралуу дагы кененирээк маалымат берилери айтылды.