Бүгүн, 24-августта Малайзияда Азия футбол конфедерациясынын штаб-квартирасында Азия чемпиондор лигасынын тайпалык баскычына чүчү кулак тартуу аземи болуп өттү.
Чүчү кулактын жыйынтыгында 40 команда 10 тайпага бөлүндү. Ар бири Чыгыш жана Батыш аймактар боюнча бештен болуп бөлүндү.
10 тайпанын жеңүүчүлөрү жана ар бир зонадагы экинчи орунга ээ болгондор февраль айынан апрелге чейин өтө турган плей-офф баскычына өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Андан кийин 2024-жылдын 11-18-майында эки этаптуу финал болот.
Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев ойногон Вьетнамдын “Ханой” командасы J тайпасына кирип, анда Wuhan Three Towns (Кытай), Pohang Steelers (Корея) жана Япониянын Urawa Red Diamonds командалары менен ойнойт.
Ал эми өлкөнүн жаштар курамасынын жарым коргоочусу Кими Мерк ойногон Өзбекстандын "Пахтакор" командасы А тайпасында "Аль-Файха" (Сауд Арабиясы), "Ахал" (Түркмөнстан) жана "Аль-Айн" (БАЭ) командалары менен оюн көрсөтөт.
Ошондой эле Криштиану Роналду ойногон "Аль-Наср" клубу? "Персеполис" (Иран), "Аль-Духайл" (Катар) жана "Истиклол" (Тажикстан) командалары "Е" тайпасына жайгашты.
Мындан тышкары, Карим Бензема ойногон "Аль-Иттихад" клубу ирандык "Сепахан", Air Force Club (Ирак) жана AGMK (Өзбекстан) менен бирге С тайпасына кирди.