Президенттик "Акылман" лицейине 75 окуучу тандалды

2023-2024-окуу жылына карата "Акылман" президенттик лицейине 75 окуучу тандалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 15-августунан 22-августуна чейин жүргүзүлгөн тандоо сынагына өлкө боюнча 1 миң 220 окуучу катышты.

Тандоо экзаменинин жыйынтыгы боюнча тандалган окуучулардын саны:
- Бишкек шаары -3;
- Чүй облусу - 9;
- Ысык-Көл облусу - 8;
- Нарын облусу - 5;
- Талас облусу - 3;
- Жалал-Абад облусу - 17;
- Ош шаары -3;
- Ош облусу -18;
- Баткен облусу - 9;
Лицейге бардык региондордон, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана калктын башка аярлуу категорияларынан таланттуу балдар тандалып алынганы маалымдалат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан