Кайгуул кызматкерине баш бербей, аны унаасы менен сүйрөгөн айдоочу айыпка жыгылды (видео)

Бүгүн, 24-августта интернетте жол кайгуул кызматына баш ийбей, жол тандабасы менен кайгуулчулардын бирин сүйрөтө качкан жарандын видеосу тараган. Анда эки кызматкер унааны токтотууга аракет кылып жаткан учурда айдоочу кызматкерди сүйрөтүп, экинчисин сүздүрүп, качып кеткен. Милиция бул боюнча кыскача маалымат берип, окуя кечээ Өзгөн районунда болгонун жана айдоочу кармалганын билдирген.

Өлкөнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы окуя боюнча толук маалымат таратты. Белгиленгендей кечээ Бишкек-Ош унаа жолунун 618-чакырымында Lexus үлгүсүндөгү авто унаанын 1986-жылы туулган Т.А. аттуу айдоочусу Ош облусунун жол кайгуул кызматкерлерине баш бербей, качып кеткен.

Кызматкерлер айдоочуну кармоо үчүн кийинки постто турган кызматкерлерге маалымат берген. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында унаанын айдоочусу кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Ал эми унаасы айып короого токтотулуп, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпысынан 41 миң сом айып пул салынган.

ГАИге баш бербеген жол тандабас
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Taalaibek.
2023-08-24 20:10:00
Менимче айдоочу туура кылган! Милиция формасындагы адам милицияда иштерин айдоочу кайдан билсин, эгер милиция формасындагы адам озун тааныштырбаса?
+1
Datka7777
2023-08-25 02:51:00
Taalaibek., бээ десе төө дебечи”,
-1
Taalaibek.
2023-08-27 10:16:00
Datka7777. Төө десе бээ дебечи.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан