Ош облусунун Алай районунун акими болуп Азамат Кожомамбетов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кожомамбетов Азамат Асанбекович Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, облустун Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов болгон.