Бишкекте мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев муниципалдык жайды үчүнчү жактар мыйзамсыз пайдаланып жатканын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул факты инвентаризациялоонун жүрүшүндө аныкталган. Тунгуч кичи районундагы турак үйлөрдүн жер төлөлөрүн мыйзамсыз ээлеп алышкан:
- 17/2 үйдүн жер төлөсүндөгү тигүү цехи, аянты 800 чарчы метр;
- 36/2 үйдүн жер төлөсүндөгү тренаржёрдук зал, аянты 525 чарчы метр.
Ал эми көчүрүү иштери учурунда тигүү цехинин жана машыгуучу залынын өкүлдөрү бир нече күндүн ичинде муниципалдык менчикти бошотуп берүүгө милдеттендирилди.