Нарында селден жабыркаган 10 үй-бүлөгө 1 миллион сомдон ашык акча берилди

Нарын облусунда селден жабыркаган үй-бүлөлөргө 1 миллион 164,3 миң сом берилди. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 24-августта Нарын облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, быйыл 13-июлда болгон селден Жумгал районунун Чаек жана Беш-Терек айылдарындагы жүздөн ашык турак жайды суу каптаган. Алардын ичинен камсыздандырылган 10 үй-жайга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 1 миллион 164,3 миң сом каражат бөлүнгөн.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын облусундагы филиалынын директору Арстанбек Алымканов быйыл жыл башынан бери облустун аймагындагы 13 турак жайга 1 миллион 242,3 миң сом каржылык колдоо көрсөтүлгөнүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан