Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы 29-августтан 13-сентябрга чейин Дубай шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу маалымдады.
Жыйынга башкы машыктыруучу Штефан Таркович 26 оюнчуну чакырды. Жыйындын алкагында Кыргыз курамасы Дубайдын "Аль-Наср" жана Кувейт улуттук курама командалары менен жолдоштук беттеш өткөрөт.
Кыргыз футболдук союзу жолдоштук беттештер үчүн кийинчерээк кошумча маалымат берилерин билдирди.