"Супер концерт-2013түн" тизгини алып баруучулар Нурзат Токтосунова, Нурсултан Майназаров жана Бакыт Байсариевге ыйгарылыптыр. Эл менен саламдашкан алып баруучулар быйыл кайсы өнөр адамдары өзгөчө иштермандыгын көрсөтүшкөнү тууралуу сөз кылышууда.
Быйылкы жылы өзгөчө эмгектенген өнөр адамдары тууралуу слайд көрсөтүлө баштады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 13-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда
"Супер концерт-2013" өтүүдө. Бул концертте жылдын мыктыларын
жана жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан «Супер сулуу-2013» сынагынын жыйынтыгы
чыгарылат. Эртең ушул эле концерттин экинчи бөлүгү болмокчу.