Алдамчылыкка шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу кечээ, 24-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, август айынын башында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине 46 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын январь айында чала тааныш жаран арыздануучунун ишеничине кирип, чоң суммадагы акча каражатын алдап алып, изин жашырып кеткени айтылат.

"Чала тааныш адам жардам көрсөтүү максатында дарек ээсине 5 миң доллар жеткирип берем деп алып кеткен. Бирок ал акча каражат аталган дарекке жеткен эмес. Кылмышка шектүү адам акча каражатын өз муктаждыгына жумшап жок кылган.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголгон", - деп айтылат анда.
Иш-чаранын жүрүшүндө баш калаанын аймагында ИИМдин КИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан Талас облусунда 1985-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыштуу чөйрөнүн жетекчилери менен тыгыз байланышта болгон А.А аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кабарланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан