Бишкектеги №2 клиникалык ооруканада оңдоо иштери жүрүүдө

Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу ооруканада оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, оорукананын экинчи корпусунун имаратына өзгөчө көңүл бурулууда, анда мурун менчик көз клиникасы жайгашкан.

Бул имаратта 80 койкалуу неврология бөлүмү түзүлөт. Мындан тышкары, №2 клиникалык көп тармактуу оорукананын башкы корпусунда жайгашкан пульмонология бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканы айтылат.

Оңдоо иштери Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоорунун алкагында каржыланары кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан