Сокулук районундагы милиция бөлүмүндө кыйноого алынганын айткан жарандар боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы үн катты.
Облустук милициянын билдиришинче бул маалымат чындыкка дал келбейт.
"Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандарга карата физикалык кысымдар көрсөтүлүп, ур-токмокко алынган деген билдирүү чындыкка дал келбейт. Кеп 1990-жылы туулган К.Ж. аттуу жарандын Сокулук районунун Чат-Көл айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуясына шектелип жаткан 1988-жылы туулган Р.Ю., 1993-жылы туулган Р.Д. жана 1965-жылы туулган Д.А. аттуу жарандар жөнүндө болуп жатат.
Бул жарандардын жогорудагы оор кылмышка катышы бар экендиги тергөөнүн жүрүшүндө алынган буюм далилдер жана башка иш материалдары менен тастыкталган.
Ошол себептен айыпталуучулардын милиция кызматкерлери тарабынан физикалык же моралдык кысым көрсөтүү жолу менен күнөөнү моюнга алдырды деген билдирүүлөрү - бул коомчулукту адаштырууга жана алардын жасаган кылмыштын жоопкерчилигинен качуу аракети болуп эсептелет", - деп билдиришти облустук милициядан.
Ошондой эле Чүй ОИИББи учурда бул боюнча тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.
Буга чейин Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору Сокулуктагы милиция бөлүмүндө үч адам кыйноого кабылганын айтып
чыкканын билдирген.