Бүгүн, 25-августка караган түнү Орусияга украиналык 42 учкучсуз аппарат чабуул жасады. Анын 33ү радиоэлектрондук күрөш каражаттары менен жок кылынса, 9у атып түшүрүлгөн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады.
"Крымдын аймагынан тогуз аппарат жок кылынып, 33ү максатына жетпей талкаланды", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Севастополдо да бир нече аппарат жок кылынганы, жабыркагандар жана кыйраган инфраструктура болбогону кабарланган.
Мындан тышкары, түндө Калуга облусунун асманынан да украиналык ПВО С-200 комплексинин ракетасы атып түшүрүлгөнү айтылды.