Кечээ, 24-августта ТикТокто "kumushalaiscaq" баракчасынын автору видео кайрылуу жасап, ТикТокто көп убакыттан бери кыргыз элине акаарат келтирип, түрдүү постторду жарыялап жүргөн өзбекстандык блогерге нааразычылыгын билдирген.
Анын айтымында "yolgiz yurak" аттуу баракчанын автору өзбек тилинде кыргызстандыктарды оозго алгыс сөздөр менен жамандап, ушул жол менен катталуучу чогултуп келген.
Видео кайрылуу жасаган айым
"Ушул баракча 4 жылдан бери "силер андайсыңар, силер мындайсыңар" деп жамандап, президентибизге, энелерибизге чейин асылып келет. Мен бир канча жерге арыз менен кайрылдым. Бирок эч ким канааттандырарлык иш-аракет көргөн жок. Өзбекстандын президентине кайрылам. Ушул баланы бизге берсин же камасын. Же болбосо тили кесилсин", - деген ал.
Ал ошондой эле кыргызстандык блогерлерди президенттик администрациянын алдына келип, нааразылык акциясын өткөрүүгө чакырган.
Өзбекстандык блогер
Бүгүн, 25-августта Ички иштер министрлиги аталган факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда укук коргоо органдары видео кайрылуу жасаган айымды таап, аны менен байланышка чыккан.
Ошондой эле ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында блогердин да өздүгү аныкталганы белгиленди. Ал 28 жаштагы А.Р. аттуу Өзбекстандын жараны болгон. Ал 2019-жылы 27-июнда Кыргызстандын аймагына кирип 1-июлда Ош аэропортунан Орусиянын Екатеринбург шаарына чыгып кеткен. ИИМ дароо иш боюнча Өзбекстандагы жана Орусиядагы кесиптештерине маалымат жиберип, жарандын жашаган жерин тактоо өтүнүчү менен кайрылган. Жыйынтыгында ал учурда Санкт-Петербург шаарында жашап жатканы аныкталган. Ошол эле күнү өзбекстандык жаран интернет аркылуу жалпы кыргыз элинен кечирим сураганы кабарланды.
ИИМ аталган иш кечирим суроо менен эле бүтүп калбасын маалымдады. Мекеменин маалыматына ылайык учурда бардык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда. Өзбек жаранынын жоругуна сөзсүз түрдө юридикалык баа бериле турганы айтылды.