Талас шаарындагы бир катар мечиттер өрт коопсуздук эрежелерине жооп бербейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Маалым болгондой, текшерүүнүн жыйынтыгында иштеп жаткан 192 мечиттин жана намазкананын ичинен 5 мечиттин каттоодон өтпөгөндүгү, 172 мечитте өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы аныктады. Ошондой эле санитардык-гигиеналык нормалардын талаптарын сактабаган 107 мечит аныкталды. 192 мечиттин 29у Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтө электиги белгилүү болду.
Мындан улам тиешелүү жетекчилерге аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди.
Ошол эле учурда жакынкы арада республикалык деңгээлде текшерүү уюштурулуп, мүмкүн болуучу жугуштуу оорулардын пайда болушуна жана жайылышына байланыштуу терс кесепеттерди алдын алуу максатында талапка жооп бербеген мечиттер жабыла турганы айтылды.