Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал-Казарман тилкеси убактылуу жабылды

Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинин 254-255-чакырымы убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинин 254-255-чакырымында 5 миң метр куб таш көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган.

Башкармалыктан билдиришкендей, эч кандай унаа кырсыгы катталган эмес, түн ичинде калып калган 30-40 жаран чыгарылган.

"Азыркы учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жана тийиштүү кызматтар техниканын жардамы менен жолдорду тазалоо иштерин жүргүзүүдө",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан