"6 даана уюлдук телефон". Бишкекте каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, ушул жылдын 1-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына С.У аттуу жаран 31-июлда белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ал Манас проспектисинде жүргөн кезде белгисиз жарандар 3 даана уюлдук телефонун жана 14 миң сом акчасын күч колдонуп тартып алып, качып кетишкенин билдирген.

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББинин кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган А.А жана 1989-жылы туулган Н.Н тергөө кызматына алынып, 96-беренеге ылайык Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат анда.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 6 даана уюлдук телефондор табылып алынган.

Ошондой эле алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталганы маалымдалат.

"Кармалгандардын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондорго кайрылса болот: 0 707 666 392, 0 508 111 112 жана 102", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан