Баткенде жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалымдалгандай, кырсык кечээ, 24-августта Баткен шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө саат 14:30да болгон. Анда 2004-жылы туулган А уулу С Лексус-350 үлгүсүндөгү унааны батыштан-чыгышты карай башкарып бара жатып бир багытта бара жаткан 2003-жылы туулган О.А.нын башкаруусундагы Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаа менен жол кырсыгына учураган.
"2 айдоочу жана бир жүргүнчү Баткен облустук ооруканасына жеткирилди", - деп билдиришти мекемеден.
SUPER.KG порталы өздүк булактарга таянып, жаракат алгандардын бири Коргоо министрлигинин аскер кызматкери экенин билди.
Ага ылайык, Коргоо министрлигинин маалымат кызматы бул тууралуу маалыматты тастыктады. Министрликтен билдиришкендей, кырсык болгон учурда жоокер үй-бүлөлүк себептерден улам эмгек өргүүсүндө болгондугу маалымдалды. Учурда анын абалы оор.