Эгемендүүлүк күнүнө карата “Ала-Тоо” аянты унаа кыймылы үчүн жабылат

31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата “Ала-Тоо” аянты унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

"Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгын майрамдоого байланыштуу жана майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө коопсуздукту камсыздоо максатында "Ала-Тоо" аянты саат 17:00дөн 00:00гө чейин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Борбор калаанын мэриясы айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан