Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 5 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 23-август күнү саат 13:20 чамасында Токтогул районунун Чычкан капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 244-800 чакырымында Хонда Фит менен Тайота Клюгер үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшкөн.
Жыйынтыгында Хонда Фит автоунаасы андан ары токтоно албай жол жээгиндеги таштарга урунуп, Чычкан суусуна кулап түшкөн.
Кырсыктан Хонда Фит унаасынын айдоочусу жана 4 жүргүнчүсү каза болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылат.