Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгын майрамдоонун алкагында "Ала-Тоо" аянтында кызуу даярдыктар жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, борбордук аянттагы эски отургучтардын ордуна сапаттуу материалдардан жасалган 36 жаңы ыңгайлуу отургучтар орнотулду.
Мындан тышкары "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери "Ала-Тоо" аянтындагы фонтандарды жууп тазалоодо. Фонтандарды тазалоого 5 жумушчу жана 1 атайын техника тартылган.