Тогуз-Торо районунан 60 жаран эвакуацияланды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан 60 жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, 25-августта Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 255-чакырымында болжолдуу 5 миң куб (Казарман-Жумгал автоунаа жолунун 45-чакырымы) таш кулап, жолду тосуп калган.

Тогуз-Торо районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө саат 03:15 чамасында жолдо жарандар калып калды деген маалымат түшкөн.
"Аталган аймактагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн ӨКМдан 3 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, Макмал алтын комбинатынан айдоочу тартылып, кырсык катталган аймакта 60 жаран эвакувацияланды.
Жеринде ЖТК-18 мекемесинен 3 техника жол тазалоо боюнча иш алып барууда", - деп жазылат анда.
Жабыр тарткандар жок экени айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан