Кара-Балтада маданият үйүнүн аймагына күйүүчү аралашмаларды ыргыткан өспүрүмдөр кармалды (видео)

Кара-Балтада маданият үйүнүн аймагына күйүүчү аралашмаларды ыргыткан өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 26-августта Чүй ОИИББнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 24-августта Данила Шувалов Instagram баракчасына өспүрүмдөрдүн тобу түн ичинде Кара-Балта шаарынын маданият үйүнүн аймагына белгисиз күйүүчү заттарды ыргытып, күйгүзүп жаткан видео жарыялаган.

Ага ылайык, аталган факты Жайыл РИИБне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө бул окуяга катышкан жарандардын бардыгы такталып, алар Жайыл районунун Новониколаевка айылынын тургундары болуп чыкты. Окуяга катышкандар Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, окуянын чоо-жайы боюнча суракка алынды", - деп айтылат маалыматта.

Маалымдалгандай, текшерүүнүн жыйынтыгы менен окуяга катышы бар бардык адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

Кара-Балтада күйүүчү аралашмалады ыргыткан өспүрүмдөр кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан