Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды

Бишкекте бир катар уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 5-августта аталган ички иштер башкармалыгына Т.Т. аттуу жаран кайрылган. Ал болжол менен саат 05:00 чамасында анын Рыбинский көчөсүндөгү жеке үйүнө белгисиз адамдар кирип келип, баасы 23 миң сомдук Redmi маркасындагы уюлдук телефонун уурдап кетишкенин айткан.

Ага ылайык, милиция кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси "уурулук" менен кылмыш ишин козгоп, шектүү катары 1999 - жылы туулган М.Д. кармалды.

"Кармалган адам буга чейин да ушул сыяктуу уурулуктарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон. Ал Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Кармалган жарандын аракетинен жабыр тарткандар жана кандайдыр бир маалыматы барлар 0556 36 30 00, 0709 67 50 92, 0312 43 32 75 же 102 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнүшөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан