Казакстанда үч өлкөнүн энергетика министрлери маанилүү маселелерди талкуулашты

Казакстанда Кыргызстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн энергетика министрлери маанилүү маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, учурда Астанада Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын энергетика министрлеринин региондогу суу-энергетика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган кезектеги жолугушуусу өтүүдө.

"Жолугушууда коңшу мамлекеттер менен трансчегаралык гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, атап айтканда, Камбар-Ата-1 ГЭСнин долбоору талкууланды. Ошондой эле суу-энергетикалык ресурстар тармагындагы байланыштарды чыңдоо, күз-кыш мезгилинде кызматташуу, электр энергиясын жана башка ресурстарды өз ара жеткирүү маселелери каралды",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан